<?xml version="1.0" encoding="UTF-8"?><song><hymn_number>175</hymn_number>
<title>Арманын адамзаттын айтып бүтпөй РЫЖ175</title>
<lyrics>[V1]
.C                G          C
 Арманын адамзаттын айтып бүтпөй,
.C              Dm/G          C
 Түгөнгүс дастандарды жазып өткөн,
.C              Dm/G          C
 Акындар ыр саптарын чубуртушуп,
.C              Dm/G          C
 Дүйнөдөн арман менен алар кеткен.
.F               G        C
 Чынында арман ырын ким угат?
.C              Dm/G         C
 Шорголоп аккан жашты ким тыят?

[V2]
 Жүрөктүн муңу бар да, сыры да бар.
 Айткыла, даанышмандар, бакыт барбы?
 Жазылып сан кыргыздын жүрөгүндө,
 Кармаштын эчен түркүн тагы калды.
 Илгертен адамзатка мүшкүл салган,
 О тууган, нечен кармаш тагы калды.

[V3]
 Жүрөктөр сыздайт дале, сыздайт боздоп,
 Негедир таба албай тынчтык, бакыт.
 Жүрөктөр ыйлайт дале өксөп-өксөп,
 Дүйнөдөн чындык таппай, көзү катып.
 Адамдар чындык таппай адашабы?
 Чындыкты жалган менен алмашабы?

[V4]
 Энесин бала урду ыйман кетип,
 Абийирин кыз унутту, баарын кечип.
 Далайлар бакшы болду баш айланткан,
 «Ак жолго түштүң» дешип, «ак ур» дешип.
 Адамдар чындык билбей адашабы?
 Чындыкты жалган менен алмашабы?

[V5]
 «Ушу, - деп, - рух азыгы», малаан байлап,
 Чырпыкты өстүрбөстөн бууп салды.
 «Өлөрүң, ата, сенин аз калды», - деп,
 Баласы өз атасын кууп салды.
 Адамдар чындык билбей адашабы?
 Чындыкты жалган менен алмашабы?

[V6]
 Адамдан пейил кетти, ыйман кетти,
 Кыскасы, күнөө толду жер бетине.
 Күнөөдөн арылта алар бир Теңир бар,
 Ырайым, өмүр берер жүрөктөргө.
 Адамдар бул чындыкты кабыл алса,
 Жүрөктөрүн Теңирге арнай алса.

[V7]
 Адамзат, Куткаруучуң Ыйса экен.
 Окугун Инжил, Тоорат, Забурду сен.
 Жүрөктүн күнөө толгон катмарларын
 Тазартат, Ыйса гана өмүр берет.
 Чындыкты табат адам Ыйсадан,
 Өмүрдү алат адам Ыйсадан.</lyrics>
<key>C</key>
</song>